09:31
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүндөн тарта электрондук тамеки пайдалангандар жана саткандар жазаланат

Бүгүн, 1-июлдан тарта Кыргызстанда электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр кабыл алып, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 22-ноябрында кол койгон.

Мыйзам жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук тамекини колдонуудан коргоону камсыз кылуу максатын көздөйт.

Ага ылайык, электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып каралган. Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат.

Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат.

Мыйзам долбоорун депутаттар Шайырбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов Марлен Маматалиев жана Аида Исатбек кызы демилгелеген.

Өлкөдө 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар.

Эң көп окулган жаңылыктар