19:09
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кербен шаарына 29 жаштагы жаңы мэр дайындалды

Кербен шаарына жаңы мэр дайындалды. Жаныш Раимжанов мэр болуп дайындалганын муниципалитет билдирди.

Бир күн мурун ал аппарат жана шаардык кызматтардын кызматкерлери менен тааныштырылды.

Жаныш Раимжанов 29 жашта. Ал Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган. Мындан тышкары Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында да окуган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош облустук аймактык башкармалыгында, мамлекет башчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, Жалал-Абад шаардык мэриясында иштеген.

Кербен шаарынын мурдагы жетекчиси Эрнест Зиядинов берген арызына ылайык, кызматынан өз каалоосу менен кетти

Эң көп окулган жаңылыктар