12:41, 01 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Кара-Балта шаарынын мэринин кармалышынын чоо-жайы боюнча билдирди.
Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына жана подряддык компаниялардын жетекчилерине автобустарды, атайын техникаларды жана башка сатып алууларды алып келүү боюнча мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүүдө коррупция фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду.
Мэриянын кызмат адамдары материалдык пайда табуу максатында Кытайдан чыгарылган 17 автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан. Жүргүзүлгөн аудиттик текшерүү иштеринин натыйжасында автобустарды сатып алуудан мамлекеттик бюджетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.
Ошентип, 30-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кара-Балта шаарынын мэри М.Ж. жана «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Ш. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, Кара-Балта шаардык мэриясына мамлекет тарабынан бөлүнгөн 1 млрд сомдун алкагында аткарылган иштердин актыларын талдоо учурунда жолдун үстүн оңдоо иштерин жүргүзгөн аткаруучу иш-каналардын биринин жетекчиси мыйзамсыз түрдө интернет-блогерлерин жалдап, ар кандай чагымчыл видео тасмаларды таратуу менен УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупциялык схемаларды жоюу иштерин каралоого аракет кылган.