Кыргызстандын ӨКМнын куткаруучулары жаңы атайын техникаларды алышты

13:20, 01 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 1-июлда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта куткаруучуларга жаңы атайын техникалар тапшырылды. Иш-чара Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажыкеевдин катышуусунда өттү.

Камчыбек Ташиев куткаруучулары кесиптик майрамы менен куттуктап, жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшү реалдуу коркунучтарды жаратып жатканын жана жооптуу мамлекеттик кызматтардын аларга даяр болушу чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

«Мен да бул министрликти ичинен жакшы билемин. Сиздердин министрлик табигый кырсыктардын алдын алууда, адамдардын өмүрүн коргоодо, өз убагында куткаруу жана жардам көрсөтүүдө өзгөчө маанилүү ролду ойнойт», — деди ал.

ӨКМнын басма сөз кызматы. Кыргызстандык куткаруучулар кесиптик майрамына карата жаңы техникаларга ээ болушту
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мамлекет башчыларынын колдоосу менен алынган бул заманбап, атайын жана инженердик техникалар, жабдуулар жарандардын өмүрүн сактоодо, өлкө аймагындагы күтүлбөгөн кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууга өзгөчө салым кошоору шексиз экенин белгиледи.

ӨКМге жалпы 28 техника тапшырылды, анын ичинен:

КАМАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа — 11 бирдик;

КАМАЗ (борттуу) — 4 бирдик;

VID жеңил унаасы — 3 бирдик;

Кобальт Шеврале — 6 бирдик;

Шеврале трекер — 1 бирдик;

Крузак — 1 бирдик;

Погрузчик — 2 бирдик.

Ошондой эле 500 даана өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийими жана башка өрт өчүрүүчү шаймандар тапшырылды.