Салык жана бажы кызматтары Финансы министрлигинен түз министрлер кабинетине отчеттуулукка өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев билдирди.
«Бул тууралуу мен жакында Алмамбет Насыркановичке (Шыкмаматов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы. — 24-kg.com эскертүүсү) айттым, биз чечим кабыл алдык», — деди Адылбек Касымалиев.
Иш-чарада мамлекеттик органдардын башка өкүлдөрү да сөз сүйлөштү. Алар Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин куттуктап, аткарылган иштер үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Кызматкерлер да мыкты жетишкендиктери үчүн сыйланышты.