18:07, 01 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Борбор калаанын бир бөлүгүндө 2-июлда саат 10:00дөн 19:00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
11-кичирайондогу өчүрүлгөн аймак: № 11/1, 11/2, 11/3 үйлөр жана Мехлесхоздун жеке турак жайлары.
Өчүрүү 12-кичирайондогу 300 миллиметрлик суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.