Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Коммунист айылында «Эне-Сай» жаңы конушунун курулушунун пайдубалына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, «Куньлунь» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышышты.
Мэр сөзүндө бул долбоор Ош шаарын өнүктүрүү жана калктын турак жай муктаждыктарын канааттандырып, шаардын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртарын билдирди.
Жаңы конуш Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кытай Эл Республикасынын «Куньлунь» курулуш компаниясы тарабынан курулат. Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Ушул жылдын күз айларына чейин 320 заманбап турак үйлөрдү, аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтында түптөлөт. Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Куньлунь» курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан жетектеген делегацияны кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.