12:53
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 2 айга жабылат

Бүгүндөн тарта Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын бурулушунан Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу аталган тилке 2-сентябрга чейин унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, иш 60 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Бишкек мэриясы жарандардан жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар