09:51, 02 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Мэриянын балансында турган Токмок шаарынын Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖМП) жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имаратынын аймагына жаңы заманбап медициналык мекеменин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Алмаз Аскаровго шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы имараттын техникалык абалы канааттандырарлык эмес жана заманбап талаптарга жооп бербейт. Буга байланыштуу бейтаптарды дарылоо жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарды түзө турган жаңы инфекциялык бөлүмдү куруу чечими кабыл алынган.
Долбоор Катар кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. Бул максаттарга Токмок муниципалитети тарабынан 1,3 миллион сом бөлүнсө, чыгымдын негизги бөлүгү — 5 миллиону Катар фонду тарабынан жабылат.
Курулуш иштерин баштоо 2025-жылдын август-сентябрына пландаштырылган. Демилге КР Саламаттык сактоо министрлигинин апрель айында жөнөтүлгөн расмий катынын негизинде Катар Фонду тарабынан колдоого алынган.