Ош облусунун Өзгөн районундагы Жыпалды айылында 275 орундуу жаңы жалпы билим берүүчү мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы окуу жайда окуу кабинеттери гана эмес, лаборатория, китепкана, актовый зал, медициналык кабинет, эмгек кабинеттери сыяктуу адистештирилген бөлмөлөр да болот. Курулуш иштери 2022-жылы башталып, бүгүнкү күндө иштин 52 пайызы бүткөрүлгөн. Долбоорду жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
220 окуучуга ылайыкталган мектептин имараты 1972-жылдан бери колдонулуп келсе, учурда 600дөн ашык бала билим алууда.