Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында президенттин администрациясынын аппараттык жыйыны болуп өттү. Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы алты айдын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы планды 6,7 миллиард сомдон ашык аткарганын белгиледи. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, Бажы кызматы планды 1 миллиард сомдон ашык аткарды. Салыктык эмес кирешелер боюнча план былтыркыдан 11 миллиарддан ашык сомго ашык аткарылган.
Ал Салык жана Бажы кызматтарына жакшы иштегени үчүн ыраазычылык билдирип, жыл аягына чейин ушундай темпти сактоого чакырды.