Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуевдин бир тууган агасы, ишкер Семетей Козуев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин кеңешчиси болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, шаар башчысынын буйругуна ылайык:
Нурбек Исмаилов которуу жолу менен Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды;
Долатбек Көкөчоров которуу жолу менен Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды;
Талант Байкишиев Ош шаардык «Ошшаарсууканал» ишканасынын директору болуп дайындалды;
Мурадил Тешебаев Ош шаардык мэриясынын агрардык муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.
Жеңишбек Токторбаев жаңы жетекчилерди шаардагы мэрияга, муниципалдык мекеме-ишканаларга тааныштырып, алардын алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалап, бир катар милдеттерди жана талаптарды койду.
Ачык маалымат боюнча, Семетей Козуев «Россия нефть», «Салих Строй», «Омега Коал», «АСК Логистикс» жана «Ага-Ини» компанияларын жетектейт.
Быйыл Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу «Салих Строй» ЖЧКсынын асфальт-бетон заводунун ачылышына катышты. Курулуштун жүрүшүндө ага министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев барган.