Бишкекте аптанын экинчи жарымында өтө ысык болот. 3-6-июлга карата аба ырайы

13:43, 02 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Аптанын экинчи жарымында Бишкекте өтө ысык аба ырайы болорун синоптиктер эскертишүүдө. Жаан-чачын болбойт.

3-июлда абанын температурасы түнкүсүн +20 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Күндүз аба +36 градуска чейин жылыйт.

4-5-июлда күн ачык болот. Түнкүсүн +21 градуска чейин жылуу болсо, күндүз термометр +40 градуска чейин көтөрүлөт.

6-июлда да ачык аба ырайы күтүлөт. Түнкүсүн +20 градус, күндүз абанын температурасы бир аз төмөндөп, +37 градуска чейин ысыйт.