Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн «алтын сертификаттар» менен сыйлоо аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага «алтын сертификаттын» 54 ээси, ошондой эле ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты. Министрлер кабинетинин башчысы президент Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды сертификаттарды алышы менен куттуктап, алар өлкөбүздүн сыймыгы экенин белгиледи.
Адылбек Касымалиев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин тандоого өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууну каалап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн билимдүү, жоопкерчиликтүү, кесипкөй жана патриоттук маанайдагы кадрлар керектигин баса белгиледи.
«Бүгүн Кыргызстан экономиканы, айыл чарбасын, маалыматтык технологияларды, экологияны жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык жолду карманууда. Дал ушул жолду улантып, сапаттык жаңы деңгээлге чыгара турган сиздер — жаңы муунсуздар. Мекендин жаркын келечеги сиздердин билимиңиздерге, талыкпаган эмгегиңиздерге жана өз өлкөңүздөргө болгон чын ыкластуу сүйүүңүздөргө көз каранды. «Билим — бул бардык байлыктын ачкычы» деген макалды эч качан унутпаңыздар. Кыялдануудан коркпогула, алдыңарга бийик максаттарды койгула жана тырышып окугула!», — деди ал.
Иш-чаранын катышуучуларына ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар белекке берилди.