03:31
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

600 млн сомдук баңги заты: УКМК эл аралык героин каналына бөгөт койду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык баңги каналы жабылып, 600 миллион сомдук 175 кг баңгизат алынды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө оор «героин» баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бишкекте жалпы салмагы 174 килограмм 800 граммды түзгөн героин табылып, Кыргызстанда дүң баасы 130 миллион сомго жакын, ал эми Европа өлкөлөрүндө баасы 600 миллион сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экендиги такталган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык баңги каналынын уюштуруучулары жана аткаруучулары башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте кармалганын кошумчалады. Тергөө жана ыкчам иш-чаралары уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар