3-июлга карата аба ырайы

23:09, 02 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 3-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38;

Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +32...+37;

Баткен облусунда түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +25...+30;

​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +36...+38 градус болот.