2025-жылдын 20-22-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ипподромдо IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын «Мейкин Азия» эл аралык фестивалы болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган фестивалга дүйнөнүн 25тен ашуун мамлекеттеринин өкүлдөрү талантуу жаш эстрада ырчылары катышышат.
Ар бир сынак күнү Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн жылдыздарынын катышуусунда концерттер менен коштолот.Концерттин катышуучулары — ата-мекендик эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов,Бакр, Freeman 996, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан, ERA.
Ал эми фестивалдын ардактуу коноктору — I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу «Ay-Yola» тобу жана Sevak болушат.
Фестивалга билеттерди онлайн сатып алууга болот.