Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

09:00, 03 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-июлда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Алыкулов көчөсү — Л.Толстой көчөсү — П.Лумумбы көчөсү — Мурман көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Суу Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.