30-июндан 10-июлга чейин Россиянын Театралдык искусство институту — ГИТИС Ысык-Көлдө жыл сайын өтүүчү жайкы мектепти өткөрүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында маалымдалды.
GITIS жайкы мектеби Борбор Азиядагы жана Россиядагы төрт алдыңкы университетти бириктирди. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, Турсунзаде атындагы Тажик мамлекеттик маданият жана искусство институтунун, Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын, Россиянын театралдык искусство институтунун — ГИТИСтин студенттери жана окутуучулары билим берүү долбооруна катышууда.
Он күндүн ичинде ГИТИСтин алдыңкы окутуучулары бир катар мастер-класстарды өткөрүшөт. Саунд- драмасы кафедрасынын окутуучусу Иван Дерендяев актёрдук чеберчиликтин сырлары менен бөлүшөт. Сахналык кеп кафедрасынын улук окутуучусу, ректордун тарбия иштери боюнча кеңешчиси Татьяна Васильева, сахнада сүйлөө боюнча сабак өткөрөт. Ал эми сахнанын пластикасы кафедрасынын башчысы, профессор Закий А. сахнанын кыймылы жана пластикасы боюнча сабак берет.
Катышуучулар үчүн атайын ГИТИСтин ректору Григорий Заславский менен жолугушуу өткөрүлөт, алар «Орус театрынын азыркы абалы» деген темада талкуу өткөрүшөт.
10-июлда, жабылыш аземинде жайкы мектептин бардык катышуучуларына Россиянын Театралдык искусство институтунун — ГИТИСтин квалификациясын жогорулатуу дипломдору ыйгарылат.