01:50
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкектеги бала бакчалардын тамак-аш акысын эми ата-энелер төлөшөт

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Бишкектеги бала бакчаларда бир баланын тамагына 120 сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында бала бакчаларда балдарга тамак берүүнү уюштуруунун тартиби бекитилгени көрсөтүлгөн.

Бишкек шаардык кеңеши бир балага күнүнө 120 сом өлчөмүндө тамактануу үчүн туруктуу акчалай төгүмдөрдү белгиледи.

1-июлдан тарта бала бакчаларда тамак-ашка төлөө ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт. Бала бакчалардын жетекчилерине алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Борбор калаанын билим берүү тармагында 118 муниципалдык бала бакча бар.

Эң көп окулган жаңылыктар