Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2025-жылдын биринчи кварталында 43,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 350,9 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 8,4 пайызга өскөн.
Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Баглан Бекбауовдун айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча казак-кыргыз жумушчу тобунун жыйынында маалымдалгандай, ушул мезгилдин башынан бери товар жүгүртүү 99,9 миллион долларды түздү. Казакстандан экспорт 80,1 млн долларды (+44,3 пайыз), импорт — 19,8 млн долларды (+39 пайыз) түзгөн.
Тараптар ошондой эле 2024-2025-жылдарга айыл чарба продукциясын өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү боюнча жол картасын ишке ашырууну жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Астанада Кыргызстандын продукциясынын пилоттук айыл чарба жарманкеси өтөт. Талас облусу менен Жамбыл облусунун ортосундагы сооданы активдештирүү маселеси боюнча иш алып баруу чечими кабыл алынып, чек ара бекеттеринде жүк ташуулардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар каралды.