Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Жогорку окуу жайларынын жана Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин жетекчилиги менен өткөн жыйында аталган министрликтин эки жаңы орун басарын — Омуров Нурлан Кубатовичти жана Чотонов Айбек Озубековичти тааныштырды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тааныштыруунун жүрүшү кеңейтилген жыйындын алкагында өтүп, ага министр, министрликтин жетекчилиги, ошондой эле өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Жыйындын негизги максаты — университеттик программаларды жана окуу пландарын түп-тамырынан жаңылоо маселесин талкуулоо болду.
Эдиль Байсалов өз сөзүндө министрликтин жаңы жетекчилигинин алдында жогорку билим берүү системасын жана илим тармагын модернизациялоо боюнча чоң милдеттер турганын белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында реформанын негизги артыкчылыктуу багыттары аныкталды.