УКМК «Ак-Тилек» мамлекеттик ишканасынын дарылоо-ден соолукту чыңдоочу мекемесинин бүтпөй калган имаратын жанаша жайгашкан жалпы аянты 8 гектарга жакын жер тилкеси менен жеке менчикке өткөрүп берүү фактысын аныктады. Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан.
Маалыматка ылайык, 1998-жылы «Кыргызтемир» ААКтын жооптуу адамдары алдын ала макулдашуу менен аталган объектини жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен мыйзамсыз алып-сатуу келишими түзүлүп, бүтпөй калган имарат жана ага тиешлүү болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигинен чыгарылган.
Кийинчерээк 2,3 га аянтка «Колумб» пансионаты курулуп, жердин калган бөлүгү жеке менчикке сатылып кеткен.
УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Колумб» пансионатынын менчик ээси аталган пансионат жайгашкан жерлерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын таанып, аны ыктыярдуу жана акысыз негизде 2,3 га аянтты түзгөн жанаша аймагы менен бирге КР министрлер кабинетине караштуу «Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин» балансына өткөрүп берди.
Учурда УКМК тарабынан жалпы аянты 5 гектардан ашык аймактын калган бөлүгүн кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.