02:10
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Нарын шаарынын жолдору жаңыланууда

Нарын шаарында, анын ичинде борбордук Ленин көчөсүндө ири жол иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 9 чакырымдан ашык жолдун эски асфальты демонтаждалып, бордюрлар орнотулуп, суу түтүктөрү төшөлүп, жаңы жол жабынына негиз даярдалууда. Узундугу 2,3 чакырымды түзгөн Шералиев көчөсүнө асфальттын алгачкы алты сантиметрлик катмары төшөлдү.

Ошондой эле Нарын шаарынын 39 ички көчөсүн камтыган дагы 13 чакырым жолду оңдоо пландалып жатканы айтылды. Учурда 4,5 чакырым жолдун негизин даярдоо иштери аяктады.

Курулуш иштери жол инфраструктурасын жакшыртууга, шаар ичиндеги унаа кыймылын жеңилдетип, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар