02:59
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

12 жылдык билим берүү: Реформанын алкагында кайсы класстар секирик жасайт?

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында кайсы класстар «секирик» жасайт? Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүнө жана сунуштарына ылайык, 12 жылдык билим берүүгө өтүү модели бардык катышуучулар үчүн мүмкүн болушунча ачык-айкын жана оорутпай тургандай кылып кайра каралып чыккан.

2025—2026-окуу жылынан баштап, бала бакчанын даярдоо тобун же «Наристе» программасын бүткөн балдар түз эле 2-класска кабыл алынат.

2026—2027-окуу жылында 5-класстын окуучулары 7-класска өтүшөт. Бул система 2029—2030-окуу жылына чейин уланат.

2027—2028-окуу жылынан тартып, 9-класстын окуучулары түз эле 11-класска өтүшөт. Бул этап 2030—2031-окуу жылына чейин ишке ашат.

Ошондой эле, жаңы окуу жылынан баштап 5-класстар интеграцияланган программа боюнча билим алышат — 5 жана 6-класстардын окуу мазмуну бириктирилет.

Эң көп окулган жаңылыктар