03:20
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

ЖКнын төрагасы Португалияда футбол жаатында кызматташуу маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Португалияга болгон иш сапарынын алкагында Порту шаарында жайгашкан футбол стадионунда болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук жай 2001-жылы курулуп, 2004-жылы өткөн Европа чемпионатына байланыштуу 2003-жылы пайдаланууга берилген.

Жалпы 52 миң адамга ылайыкташкан стадиондун курулушуна 100 млн еврого жакын каражат жумшалган. «Драган» же кыргызча айтканда «ажыдаар» аталашындагы спорттук жайда көптөгөн эл аралык мелдештер болуп, анын ичинен Европа чемпионатынан тышкары, улуттук лиганын финалы жана 2021-жылы белгилүү Манчестер Сити менен Челсинин клубдарынын соңку таймаштары өткөн деп маалыматта айтылат.

Жогорку Кеңештин төрагасы футболчуларга жана күйөрмандарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, стадиондун жетекчилиги менен баарлашкан төрага Кыргызстанда да акыркы жылдары спорттун бул түрүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.

«Андыктан, биз үчүн Португалия мамлекетинин аталган маселеге байланышкан тажрыйбасы өтө маанилүү. Азыркы тапта Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң ири футболдук стадиондун курулушу жүрүүдө. Так эле «Драган» стадионундай 50 миңден ашуун адамга ылайыкташкан спорттук жай ишке берилсе, улуттук эле эмес, эл аралык мелдештерди жогорку деңгээлде уюштурууга өбөлгө түзүлөт», — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Муну менен катар ал Португалия өзүнүн мыкты футболчулары менен да таанымал экенин кошумчалады.

«Футбол жөн гана оюн эмес. Азыркы глобалдык шартта достукту чыңдаган, ошол эле учурда мамлекеттер аралык байланышты бекемдеген дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат. Ага ылайык, эки мамлекет аталган багыттагы байланыштарга да артыкчылык берип, биргелешип иш алып баруубуз кажет. Айрыкча кыргыз футболчулары дүйнөлүк атакка ээ португалиялык футболчулардан тажрыйба алып, оюн ыкмаларын үйрөнүүгө кызыкдар», — деди төрага.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы аталган мамлекетке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.
Эң көп окулган жаңылыктар