Бүгүн Кыргызстандын Ош облусунда жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 3-июль күнү саат 11:17де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Шоро-Башат айылынан 2 чакырым түштүк-чыгышта, Жыланды айылынан 3 чакырым түштүк-батышты карай, Красный Маяк айылынан 4 чакырым батышта, Өзгөн шаарынан 4 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү: Шоро-Башат, Жыланды, Красный Маяк айылдарында, ошондой эле Өзгөндө 2,5 баллга жакын болгон.