03:49
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда 278 айылда бала бакча жок

Кыргызстанда 278 айылда бала бакча жок. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн адиси Чолпон Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, учурда 1 миң 997 стандарттуу күндүзгү бала бакчаларда 257 миңден ашык бала тарбияланууда. 2020-жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны 380ге көбөйгөн.

«Оперативдүү маалыматка ылайык, учурда республика боюнча мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын камтуу мектепке чейинки даярдоону эсепке албаганда 32,3 пайызды түздү. Аны эсепке алганда 44,3 пайызды түздү. Жалпысынан абал жыл сайын жакшырууда», — дейт Чолпон Үсөнбаева.

Ал белгилегендей, аймактар ​​боюнча мектепке чейинки билим берүүнүн камтылышы:

Баткен облусунда — 31 пайыз;

Жалал-Абад — 27,8 пайыз;

Ысык-Көл — 34,5 пайыз;

Нарын — 43 пайыз;

Ош — 29 пайызт;

Талас — 33 пайыз;

Чүй — 29,4 пайыз;

Бишкек — ​​39,2 пайыз;

Ош шаары — 40 пайыз.

Эң көп окулган жаңылыктар