Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

18:11, 03 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 3-июлда Садыр Жапаров Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 17-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Азербайжанга келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Президенттин басма сөз кызматы

Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжандын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.