03:05
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2025-жылдын аягына чейин 6,8 пайызды түзөт

Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2025-жылдын аягына чейин 6,8 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Мындай божомол Дүйнөлүк банктын баяндамасында айтылат.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында өлкөнүн экономикасынын өсүшү 12 пайыздан ашкан.

Январдын башында Дүйнөлүк банк 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстандын экономикасы 4,5 пайызга өсөт деп болжолдогон.

Улуттук банк ошондой эле Кыргызстандын 2025-жылга карата экономикалык өсүш болжолун кайра карап чыгып, жакшыртты. Бул болжол менен 8,5-9 пайызды түзөт, деп айтылат регулятивдин материалдарында.

Эң көп окулган жаңылыктар