03:33
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Улуттар Кубогу-2025»: Кыргыз курама команданын тайпадагы атаандаштары аталды

CAFA NATIONS CUP-2025 эл аралык мелдешинин чучукулак тартуу аземи болуп өттү. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстан, Түркмөнстан, Оман менен бирге «А» тайпасына кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Бул турнирге жалпысынан 8 команда катышууда — Иран, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Оман жана Өзбекстан.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын курамалары катышкан бул «Улуттар Кубогу» 29-августтан 8-сентябрга чейин Душанбе жана Ташкент шаарларында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар