Арча-Бешик конушундагы турак үйдөн өрт чыкты

09:19, 04 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин Ленин районундагы Арча-Бешик конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фото ӨКМнын басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал бир күн мурун болгон.

Өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү бригада тартылган. Тилсиз жоо өчүрүлгөн.