02:04
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

ӨКМ суудагы коопсуздукту дрон аркылуу көзөмөлдөйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда дрондор аркылуу суудагы коопсуздукту көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтик милиция менен биргеликте эс алуучулар арасында түшүндүрүү иштери уланууда.

«Суудагы коопсуздукту жакшыртуу жана кырсыктардын алдын алуу үчүн, анын ичинде сууга түшүүгө тыюу салынган аймактарда учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) жана моторлуу кайыктар жигердүү колдонулууда. Дрондор кооптуу аймактарда эс алуучуларды ыкчам аныктоону жана эскертүүлөрдү өз убагында жеткирүүнү камсыздайт. Бул ыкма эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин сактоо зарылчылыгы тууралуу натыйжалуураак жана ыкчам маалымат берүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууда коопсуз жүрүм-турум эрежелерин жана сунуштарын так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар