03:47
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда Улуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери кыскартылат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин штаттык санынын жогорку чеги жөнүндө» документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомун бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жаңы чечимге ылайык, Улуттук статистикалык комитеттин түзүмү жана штаттык саны кайра каралууда. Өзгөртүүлөр бөлүмдүн ишмердүүлүгүн оптималдаштырууга жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Такталган маалыматтарга ылайык, Улуттук статистикалык комитеттин штаттык бирдигинин жалпы саны 778ден 145 штаттык бирдикке кыскартылууда. Башкача айтканда, штат 80 пайыздан ашык кыскартылат.

Жаңы штаттык структура:

борбордук аппарат:

болгон — 176, азыр — 28;

аймактык бөлүмдөр:

болгон — 541, азыр — 92;

ведомстволук бөлүмдөр:

болгон — 61, азыр — 25

Документте белгиленгендей, оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган каражаттар Улуттук статистикалык комитеттин өнүктүрүү жана дем берүү фондуна багытталат. Бул акчалар жогорку көрсөткүчтөр үчүнкызматкерлерге кошумча сыйлык берүүгө жана материалдык кызыктыруунун башка формаларына жумшалат.

Токтом 2025-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар