02:33
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чүй облусунда томолой жетим балдарга жер тилкелери берилди

Чүй облусунун Москва районунун прокуратурасы тарабынан томолой жетим балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө эки томолой жетим балага жер тилкеси берилбей жатканы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурор тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган жетим балдарга жер тилкелери бөлүнүп, укук белгилөөчү документтер берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар