02:47
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкек мэри аномалдуу ысыктан улам жашыл аянттарды сугарууну күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев нормадан ашыкча ысыкка байланыштуу «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жашыл аянтчаларды сугарууну күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөндөгүлөр тапшырылды:

Борбор калаадагы жашыл аянтчаларды сугарууну жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү боюнча ишкананын жетекчиси;

Акимдер жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын башчылары жеке көзөмөлгө алышсын, өз убагында сугарылбагандыгы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчилик тартат;

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн башка муниципалдык кызматтар;

муниципалдык инспекциясы чарбакер субъектилердин ээлерине чектеш аймактагы жашыл аянтчаларды үзгүлтүксүз сугарууну уюштуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

«Тазалык» муниципалдык ишканасы сугат тармактарын тазалоону күчөтсүн.

Эске салсак, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу шаардагы бак-дарактар, бадалдар куурап жатат. Ошентип, Эркиндик бульварында чөптөр күйүп, бак-дарактар ​​жалбырактары төгүлүүдө. Аянттар жана аллеялар кургакчылыктан куурап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар