02:56
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Азербайжан ЖОЖдорунда окуу грантты: Арыз берүү мөөнөтү 11-июлга чейин узартылды

Азербайжан 2025/26-окуу жылына Кыргызстандын беш жаранын кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Ага ылайык, талапкерлерге Азербайжандын алдыңкы жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура программаларына, ошондой эле негизги медициналык билимге тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 11-июлуна чейин узартылды.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары 10-июлга чейин порталга кирүү үчүн документтери менен Билим берүү министрлигине кайрылса болот.

Сурап ​​билүү үчүн байланыш телефондору: 0312662198, 0708888063.

Эң көп окулган жаңылыктар