5,8 миллиард сомдук эл аралык байланыш оператору «ЭлКат» ЖЧКсы акыры мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардан кийин сот буга чейин кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарып, мамлекеттин мыйзамсыз жоголгон мүлккө болгон укугу калыбына келтирилген.
Кайтарылган мүлктүн рыноктук баасы 5,8 миллиард сомдон ашат.
Эске салсак, 2025-жылдын март айында президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилүү Алексей Ширшов «ЭлКат» ЖЧКсын кайтарып алууда мамлекетке жардам бергенин билдирген.