Бишкекте 5-июлдан тарта жер астындагы өтмөк куруунун алкагында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамдарыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болсо тыгындарды болтурбоо үчүн коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.