Бишкектин 7-кичи районундагы имарат жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

15:18, 04 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте 80 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы аянты 0,11 гектар жер тилкеси жана турак эмес жай мурда мыйзам талаптарын бузуу менен бир акционердик коомдун менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 80 млн сомду түзгөн аталган мүлк кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Башкы прокуратура мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган объекттерди, анын ичинде социалдык багыттагы объекттерди кайтаруу багытында иш алып барууну улантууда.