Римде тарыхый борбордун чыгыш тарабындагы аймакта болгон жарылуудан кеминде 20 киши жараланды. Бул тууралуу ANSA агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бешөө оор абалда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 12:00) «Эни» май куюучу станциясында жүк ташуучу унаа түтүккө урунуп кеткендиктен өрт өчүрүүчүлөр жана милиция кызматкерлери окуя болгон жерге тартылган. Куткаруучулар станцияда жарылуу болгондо чыккан өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышкан, муну жергиликтүү тургундар жер титирөөгө салыштырышкан. Жардыруу болгон учур видеого түшүп калган.
Жарылуудан улам жакын жердеги имараттар жабыркап, соттук документтер сакталган кампадан өрт чыккан. Укук коргоо органдарынын буйругу менен жакынкы метро станциясы жабылды.