08:00, 07 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Армения Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирүү ниетин билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Telegram-каналында кабарланды.
«Шанхай кызматташтык уюмунун негизги принциптерин, тактап айтканда, аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо жана чек аралардын кол тийбестигин бөлүшүү менен Армения Республикасы ШКУга мүчө болуу ниетин билдирди», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 27-июнда Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушкан. Министрликтин маалыматына караганда, маектешүүлөр ШКУ менен кызматташуу маселелерин талкуулап, түзүлгөн активдүү диалогго жана өнөктөш өлкө статусунда буга чейин катталган натыйжаларга канааттангандыктарын билдиришти.
2024-жылдын жай айларында Армения, Азербайжан, Бангладеш, Камбоджа жана Шри-Ланка ШКУга байкоочу өлкө макамын берүү өтүнүчү менен кайрылганы кабарланган.
Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) экономикалык кызматташтык жана коопсуздук, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча Азия мамлекеттеринин эл аралык уюму. Ал 2001-жылдын 15-июнунда Кытайдын Шанхай шаарында мамлекет башчыларынын жолугушуусунда негизделген.
ШКУга учурда Орусия, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь Республикасы кирет.