03:59
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча, 8-9-июлда жооп иретиндеги мамлекеттик сапары менен Душанбе шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки жактуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар мерчемделген.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда «Түбөлүк достук» концерти өтөт», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Эң көп окулган жаңылыктар