2025-жылдын 7-июлунда Кадамжай районунун аймагында жүргүзүлгөн «Арсенал» профилактикалык иш-чарасынын алкагында дагы бир жаран мыйзамсыз сактап жүргөн курал-жарактарын өз ыктыяры менен тапшырган. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айыл аймагынын А.Орозбеков атындагы тургуну 1993-жылы туулган К.И., аттуу жаран Кадамжай РИИБге тиешелүү уруксат документтери жок ИЖ-28 маркасындагы 28-калибрдеги жылмакай аткыч мылтыгын өз ыктыяры менен тапшырган. Куралды милициянын ага сержанты Расулжан Астанов тартып алган.
Бул иш «Арсенал» операциясынын алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин оң натыйжасы катары бааланууда.
Баткен ОИИБ жарандарды мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырып, мыйзамдын талаптарын аткарууга чакырат.