Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ведомствонун 2025-жылдын беш айындагы негизги жетишкендиктери тууралуу айтып, «Келечекке салым» долбоорунун ийгилигине токтолду.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын июлунан тарта жетим балдар үчүн 500 миң сом өлчөмүндөгү балдардын депозити киргизилген, аны балдар 18 жашка толгондо билим алуу, ден соолук же ипотека боюнча биринчи төлөм алуу үчүн ала алышат.
Учурда тизмеде 3 миң 373 бала бар, алардын эсебине 544 миллион сомдон ашык акча которулду. Бул каражаттарды колдонуунун алгачкы ийгиликтүү мисалдары бар.
Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкектин Октябрь районунан бир бала өзүнүн депозитиндеги каражатты — 1 миң 440 долларды Малайзиядагы университеттин биринчи жылы үчүн төлөгөн.