Кыргызстанда жер титирөө болду

16:50, 08 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Казакстанда болгон.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:29да катталып, Тараздан 126 чакырым чыгышта, Луговой шаарынан 16 чакырым чыгышта сезилди.

Жер титирөөнү бишкектиктер да сезишти.