Кыргызстандын жаңы гимнин тандоо боюнча комиссия биринчи этаптын алкагында ишин улантууда.
24-kg.com агентигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 16-июндан 7-июлга чейин 42 долбоор катталып, 35 жарандан түшкөн. Белгиленгендей, талапка жооп бербеген долбоорлор авторлорго кайтарылган.
Сынактын долбоору 4 аяттан ашпашы керек. Сынакка акындар, автордук топтор (музыкалык чыгармачылык топтор, ошондой эле 5 адамдан ашпаган башка уюмдар) катыша алышат.
Биринчи этаптын алкагында арыздарды кабыл алуу 17-июлга чейин уланат. Ведомстволор аралык комиссия 25-июлга чейин келип түшкөн иштерди карап, 5 мыкты ишти тандап алат.
Экинчи этапта мурда тандалган 5 текстке жазылган 3 музыкалык чыгарма тандалып алынат. Арыздарды кабыл алуу 8-сентябрга чейин уланып, мыкты деп табылган иштер 1-октябрга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.
Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак үстүбүздөгү жылдын февраль айында жарыяланып, 2024-жылдын декабрь айында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Гимнди өзгөртүү идеясын былтыр парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айткан. Кийинчерээк президент бул сунушту колдогон. 7-февралдан 20-мартка чейин комиссия 285 долбоорду каттоодон өткөргөн, бирок аларды карап чыгып, алар мазмундук жана көркөмдүк талаптарга жооп бербейт деген бүтүм чыгарган.