15:26, 12 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Барскоон айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул максаттарга 4 млн 407,6 миң сом бөлүү пландалууда. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын берүү мөөнөтү 23-июль күнү кечинде бүтөт.
Иш келишимге кол коюлган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.