10-июлга карата аба ырайы

19:23, 09 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 10-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +16.. +21, күндүз +21...+26;

Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +20...+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +22...+27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23;

Нарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +19...+21, күндүз +23...+25;