10:35, 10 июля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаардык сотунун судьясы Арапатхан Өмүрзакованын ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти кол койду.
Анда белгиленгендей, мындай чечим жаш курагына жеткендигине байланыштуу кабыл алынган — ал 26-июнда ээлеген кызматынан бошотулган. Бул күнү Арапатхан Өмүрзакова 65 жашка толду. 2021-жылдын апрелинен бери Ош шаардык сотунда иштеген.